Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.06.2014 16:48

Жалал-Абад мэриясы сүт азыгын өндүрүү максатында түзгөн «Нак Сүт» чарбасын өзүн өзү актабай калгандыгына байланыштуу сатууну пландоодо

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгындагы «Нак Сүт» асыл тукум чарбасында багылган малдар күз мезгилинде сатылышы мүмкүн. Бул туурасында Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын башчысы Тумар Раимбердиев билдирди.

Анын айтымында, анткени бул чарба өзүн өзү актабай жатат.

Т.Раимбердиевдин маалыматы боюнча, 2012-жылы шаардык бюджеттин эсебинен нак сүт өндүрүү максатында 1 млн 800 миң сомго 26 баш торпок кунаажын сатылып алынган. Азыр алардын башы 69га жеткен, бирок мал өзүн өзү актабагандыктан 2013-жылы комиссия түзүлүп, аларды сатуу каралган.

«Дагы бир маселе асыл тукум малдар ссудага алынгандыктан 2014-жылы калган төлөмдү төлөө керек. Мал жандыктар азыр жайлоого келсе, өз баасына чыкса сатылып кетиши мүмкүн», - дейт Т.Раимбердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×