Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.06.2014 14:17

Фото - Жалал-Абад шаарындагы ВЛКСМ көчөсүндө №56 трансформатордон бак-дарактар аркылуу үйлөргө тартылган кабель балдарга коркунуч жаратууда

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы ВЛКСМ көчөсүндө жайгашкан №56 трансформатордон №17,18 көп кабаттуу үйгө тартылган кабель бак-дарактарга илинип тартылгандыктан балдар дал ошол кабелге асылып ойноп, жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырууда. Бул тууралуу аталган үйдүн кондоминиуму Айнура Адишева билдирди.

Анын айтымында, №56 трансформатордон №17 көп кабаттуу үйгө уланган кабелдер устундар аркылуу уланбастан, дарактарга илинип тартылган.

«Бул үйдүн алдында балдар аянтчасы бар. Кээ бир бою жеткен балдар кабелди кармап, ага асынып ойноп жатышат. Көрүп калсаң урушуп түшүрөсүң. Балдарга айтсаң деле оюнга алаксып, асылып ойноп жатышат да. Бул маселе боюнча Жалал-Абад шаардык мэрияга, шаардык кеңештин депутаттарына, электриктердин өзүнө кайрылганбыз. Бир да жооп жок. Качан гана бир кырдаал чыкканда анан оңдошот окшойт. Менин оюмча, электр тармактарында иштегендерди адис эмес деп эсептейм. Эгер өздөрүнүн ишин мыкты билсе, минтип дарактарга кабелдерди илип койбойт эле да. Устундар жок эмес, турат. Трансформатор да жакшы каралбай жатат», - дейт Айнура Адишева.

IMG-20140617-WA0012

IMG-20140617-WA0014

IMG-20140617-WA0015

IMG-20140617-WA0017

IMG-20140617-WA0019

IMG-20140617-WA0020

IMG-20140617-WA0016

IMG-20140617-WA0013

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×