Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.05.2014 13:41

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы балдарды майрамы менен куттукташты

Turmush -  1-июнь Бүткүл дүйнөөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардагы айрым мекеме ишканалар Жалал-Абад облустук «Бауерг» атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборуна келип балдарды майрамы менен куттукташты, - деп билдирди Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Ата-Журт партиясынын лидери Сайдилла Чимбердиевдин айтымында бүгүн балдар күнүнө карата ар бир мекеме бөлүнүп алып, шаар ичиндеги балдардын баарын куттукташууда.

Ошондой эле алар балдарга каалоо-тилектерин айтышып, шаардык кеңештин атынан 5 миң сом акча каражатын тапшырышты.

Мындан тышкары шаардагы жүргүнчүлөр транспортугунун агентиги, жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобаза, Жалал-Абад шаардык миграция бөлүмдөрүнүн жетекчилери барып акчалай белектерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, аталган кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 2 жаш балдар бөлүмү болуп бүгүнкү күндө 143 бала бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×