Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.05.2014 16:06

Жалал-Абад мэри М.Арапбаев Аравиядан келген жеке ишкер З.Ниазинини кабыл алды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев кечээ, 27-майда Аравиядан келген жеке ишкер Зиалин Ниазини динди кабыл алды, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ниазини20 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы «НУР» ААКсы менен бирге иштеп келе жаткан ишкер. Эми Жалал-Абад шаарында чоң инвестиция тартуу ниетине экенин билдирди.

«Эгерде жер маселеси чечилсе, 2 кабаттуу оорукана салынат», - деди жеке ишкер.

Мындай сунушту калаа башчысы колдоп, жер тилкесин көрсөтүү пландаштырылганын билдирди. «Эгер долбоор иш жүзүнө ашып калса шаар тургундарынын дагы бир көйгөйү чечилет», - деди М.Арапбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×