Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 18:37

Жалал-Абадда жаш калемгерлердин кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, мыкты китепканачыларга баалуу белектер тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы драма театрынын залында «Китепкана күнүнө» карата салтанаттуу жыйын болуп, анда «Бактынур» продюсердик борбору тарабынан жаш калемгерлер арасында «үйдүн куту аялзат» деген темада жарыяланган кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө жана мыкты уюштурган китепканачыларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Облустук китепкананын жетекчиси Сейилкан Аталиеванынын айтуусунда бул жыйын облустук китепкана тарабынан даярдалып, район-шаардык китепкана башчылары, моделдик китепкана башчылары, орто жана жогорку окуу жайларынын китепканачылары, маданият техникумунун китепкана бөлүмүнүн студенттери жана китеп окурмандар катышышты. Салтанаттуу жыйында мыкты иштеген китепканачыларга КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

«2014-жыл «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына, КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан белгиленген «Айыл маданиятын көтөрүү» жылына карата, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн 2013-жылдын 29-ноябрындагы №153 токтомунун негизинде, «Мыкты моделдик китепкана» кароо-сынагы облус аймагындагы айылдык китепканалар арасында жарыяланган. Бул кароо-сынактын 1- туру жер-жерлерде өткөрүлүп, 2- турунун жыйынтыгы чыгарылып натыйжада 1-орунду Чаткал райондук китепканасы райондун аймагында 8 моделдик китепкана түзгөндүгү үчүн КР Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан 20 миң сом акча бөлүнүп, 1 компьютер алынып тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×