Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 17:18

Жалал-Абадда балдарга колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциясы жарыяланды

Turmush -  КР өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарынын аймагында 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоо алкагында балдарды колдоо жагы каралды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата «Биздин балдар-өлкөнүн келечеги» аттуу бир айлык акция өткөрүлүүдө.

Шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Гүлина Базаркулованын айтымында, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилерине жеке менчик түрүнө карабастан кайрымдуулук акцияларга активдүү катышуусу талап коюлган жана шаардын аймагында жайгашкан үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйлөрү жана ошондой эле ар тараптан колдоого муктаж болгон майып балдардын тизмелери аныкталып, шаардык мекеме, ишканалар жакындан жардам көрсөтүлүү жагы жүктөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×