Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 15:53

Жалал-Абадда маданий ишмер Т. Закированын 65 жылдык мааракесине карата поэзия кечеси өтөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрда эртең, 28-май күнү коомдук ишмер, акын, кинодокументалист, драматург, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тазагүл Закированын 65 жылдык мааракесине арналган поэзия кечеси өткөрүлөт.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, поэзия кечесинде Т.Закированын «Мекендин эшиги», «Касиеттүү Ата журтум» аттуу жаңы китептеринин бет ачары болот. Т.Закированын бир нече чыгармалары кыргыз, орус тилдеринде чыгарылган.

Ошондой эле, даректүү фильмдери 3 вариант менен кыргыз, орус, англис тилдеринде тартылган. Жамааттык жыйнактарда Т.Закированын чыгармалары басылган.

Уюштуруу тобунун маалыматына караганда, Т.Закированын поэзия кечесине облустук мекеме-ишканалардан, ЖОЖдун жана орто окуу жайлардан, коомчулук өкүлдөрүнөн поэзия сүйүүчүлөр келип катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×