Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 13:35

Жалал-Абад шаарында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата бир айлык акция өткөрүлүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоого карата «Биздин балдар-өлкөнүн келечеги» аттуу бир айлык акция өткөрүлүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Гүлина Базаркулова билдирди.

Анын айтуусунда шаардык мекеме иш- каналардын жетекчилерине жеке менчик түрүнө карабастан, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн бир айлыктын алкагындакайрымдуулук акцияларга активдүү катышуусу каралган.

«Шаарыбыздын аймагында жайгашкан үй-бүлөлүктибиндеги балдар үйлөрү жана ошондой эле ар тараптан колдоого муктаж болгонмайып балдардын тизмелери аныкталып, шаардык мекеме, ишканалар жакындан жардам көрсөтүү жагы жүктөлгөн»-дейт Г. Базаркулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×