Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 12:52

Жалал-Абад шаардык Курманбек аймактык башкаруусунда көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу пландалууда

Turmush -  Жалал-Абад шаардык Курманбек аймактык башкаруусунда көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу боюнча маселе каралды, - деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Курманбек аймактык башкаруусунун жетекчиси Шухрат Бурхановдун айтымында аталган аймактык башкарууда жалпысынан 30 көп кабаттуу үйлөр болсо анын ичинен экөөнүн гана чатыры жаңыдан жабылган ал эми калган 28 көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу пландалууда.

Андан тышкары АРИС программасы тарабынан курулуп жаткан оорукананын курулушу аяктап, август айында колдонууга берилет.

«Ошондой эле аймактык башкаруудагы аялдамаларды жеке ишкерлер келишимдин негизинде оңдоп түзөөдөн өткөрүп, өздөрүнүн чоң көлөмдөгү жаранактарын илишүүдө. Келишим 10 жылга созулуп ,10 жылдан кийин гана аялдамалар муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет», -деп кошумчалады Ш.Бурханов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×