Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 12:31

Жалал-Абаддын Тайгараев аймагында бете тоютунун биринчи оруму башталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймагында тоют камдоо, беденин биринчи оруму башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Дыйкандар жашылча жемиш же жүгөрү, буудайдын ордуна көп жылдык тоют беде чөбүн эгип жатышат.

Аймактык башкармалыктын башчысы Тумарбек Раимбердиевдин айтымында, себеби кеч күзгө чейин 3 жолу оруп жыйнап кышкыга камдашат. «Же аны пресстеп сатып жиберишет. Беде чөбү башка өсүмдүккө караганда мээнети, чыгашасы аз анан кирешелүү. Өткөн жылы 1 даана беде пресс 100 сомдон сатылган. Бүгүн башкармалыкта атайын жыйналыш өткөрүп, талаа иштерине техникаларды толуктап үзгүлтүксүз элге иштөөсүн жана айыл аралап турпак ташыган унааларды бир жолго салууну сүйлөшүштү. Себеби айылды чаң каптап эл наразы болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×