Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 10:56

Жалал-Абад шаарынын тургундары Абдрахманов көчөсүндө түнкү жарык болбой жатканын айтып арызданышты

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө төрт жерде түнкү жарык болбой жатканын N162 кондоминиумдун төрайымы Санта Кадырова бүгүн, 27-майда Спутник аймактыктык башкармалыгында өткөн аппараттык жыйында маалымдады.

Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, шаардагы кызмат көрсөтүүчү ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында күнүмдүк турмуш көйгөйлөрүн жеринде чечүү аракеттери көрүлөт.

Ошондой эле, 17-кварталдык комитеттин төрагасы Аваз Арзыкуловдун айтымында, Сузак көчөсүнүн жолдорунда тургундар жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Себеби чоң жүк ташуучу автоунаалар тынымсыз өтүп жолду жараксыз абалга келтирип коюшту.

«Канча жолу айтып арыздансак да бул маселеге көңүл бөлгөн эч ким жок», - деп белгиледи ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×