Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.05.2014 10:50

Жалал-Абад шаарында Спутник аймактыктык башкармалыктын бир нече күнүмдүк турмуш көйгөйлөрү талкууланды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактыктык башкармалыктын бүгүн, 27-майдагы аппараттык жыйында N51 кондоминиумдун төрагасы Конокбай Курманбеков, шаардагы тиешелүү кызмат көрсөтүүчү ишканалар абоненттер менен келишимди өздөрүнүн кызматкерлери түзүшү керектигин белгиледи, деп маалымдайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Анын айтуусунда, Спутник аймактык башкармалыгында 28 миң 545 жашоочусу болсо, алар менен 39 кондоминиум жана 8 кварталдык комитеттер иш алып барышат.

«Абоненттерден түшкөн суроо-талаптарга биз тиешелүү деңгээлде адис катары жооп бере албайбыз. Бирок, дайыма төлөм төлөбөй келген тургундар менен иш алып барууда жардам көрсөтөбүз», - деп кошумчалады ал.

Комитеттер ошондой эле, бул аймактык башкармалыктагы турмуш тиричилик калдыктарын алуу иштери канааттандырарлык деңгээлде жүрүп жатканын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×