Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.05.2014 18:10

Жалал-Абад мэриясында шаардын туристтик объектилеринин жайкы сезонго даярдыгы боюнча кеңешме өткөрүлөт

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында эртең, 27-май күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин кеңешмеси өткөрүлөт, деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэриянын аппарат жетекчиси Т.Исмаилов кеңешменин күн тартибине шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы, шаардын туристтик объектилеринин жайкы сезонго даярдыгы жана ошондой эле, Жалал-Абад Сууканал башкармалыгынын калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча абоненттер жана мекеме уюмдар менен иш алып баруу маселеси каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×