Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.05.2014 16:57

Жалал-Абаддын Жеңиш эс алуу багында Ооганчылардын эстелигин ачуу аземи болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багында бүгүн, 23-майда Ооганчылардын эстелигин ачуу аземи болуп өттү, деп билдирет Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анда ооган апаатына катышкан оорганчылар, тийиштүү жетекчилер, шаар тургундары келип өткөндөрдү эскерип, куран түшүрүп, эстелик ачуу аземине катышты жана аталган иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Белгилей кетсек, ооган апаатынын 25 жылдыгына карата жаңыланып оңдоп-түзөөдөн өткөн эстеликке шаар бюджетинен 2013-2014-жылы ичинде 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×