Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.05.2014 10:56

Жалал-Абад шаарында өткөн «Милициянын жаш досу» сынагында Сузак районунун командасы жеңүүчү аталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 22-майда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилигинин демилгеси менен «Милициянын жаш досу» кароо - сынагынын 2-этабы өткөрүлүп, 1-орунду Сузак районунун «Манас» командасы жеңип 1-даражадагы диплом, түстүү телевизор менен сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматында, 2-орунду Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» командасы утуп, 2-даражадагы диплом, музыкалык аппарат менен сыйланышты. 3-орунду Ала-Бука районунун «Жаш муун» командасы камсыз кылышып, 3-даражадагы диплом, музыкалык аппарат менен сыйланышты. Ал эми калган командалардын катышуучулары Ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын 2-этабына облус боюнча алыскы жолдору катаал тоолуу райондордон башка, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларынан, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана башка райондорунан баардыгы болуп, 9 команда катышты.

«Бул иш-чарага мугалимдер, окуучулар жана көрүүчүлөр болуп, 500дөй адам катышышты. Анын максаты - жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жаңы муундун укук таануусун ойготуу, өспүрүмдөрдүн бош убактысын пайдалуу өткөрүү, жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелинет», - деп айтылат маалыматта.

1 203

1 050

1 362

1 208

1 324

1 324

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×