Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.05.2014 14:49

Жалал-Абад шаарында продюсердик борбор таланттуулар үчүн кастинг өткөрүп жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Бактынур» продюсердик борборунун жетекчиси Нуркан Койчуманова Жалал-Абад областында эл аралап кастинг өткөрүп, таланттуу адамдарга чыгармачылык жактан жардам көрсөтүп келет, деп билдирет Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын маалыматына ылайык, Энелер күнүнө жана 1-июнь балдар күнүнө карата эл арасындагы таланттардын башын бириктирип, майрамдык кече уюштурду.

Нуркан Койчуманованын айтымында, «Бактынур» продюссердик борборунун ачылганына 1 жыл толду.

«Бир жылдын ичинде биз көптөгөн таланттарды таап, тарбиялап, чыгармачылык жактан жардам көрсөтүп келүүдөбү», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×