Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.05.2014 14:30

Жалал-Абад шаардык мэриясында коррупцияга каршы иш-чаралар боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында координациялык кеңешме өткөрүлдү, деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Кеңешмеге Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев, Жалал-Абад шаарынын прокурору Дайыр Эрмеков, Жалал-Абад шаардык ИИБнин башчысы Нурдин Насыркулов жана шаар ичиндеги мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты.

Маалыматка ылайык, КР коррупцияга каршы чыккан буйругунун негизинде республика аймагындагы мекеме ишканалар коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүшкөн.

Кеңешмеде ар бир мекеменин жетекчиси бул боюнча баяндамаларын жасашты.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мухтар Арапбаевдин айтымында, бүгүнкү кеңешменин негизги максаты - 2013-жылы коррупцияга каршы кайсы мекемелерде кандай иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн жана коррупцияна кантип жоюу керектигин кароо болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×