Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.05.2014 13:39

Жалал-Абад облусунда окуучулар арасында «Милициянын жаш досу» кароо сынак болуп өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Жалал-Абад облусу боюнча окуучулар арасында «Милициянын жаш досу» аталышында кароо сынак өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жалал-Абад ОИИБнин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиевдин айтымында, сынакка район-шаарлардан жалпысынан 10 команда катышууда. Жолдун алыстыгына байланыштуу Чаткал, Тогуз-Торо райондорунан командалар катыша алган жок.

«Окуучулар беш багыт боюнча өздөрүнүн күчүн сынашат. Негизинде окуучулар патриоттук ырлар жана өз укуктары боюнча шарттар камтылган. Сынактын негизги максаты - окуучуларды эртеңки келечекке тарбиялоо болуп эсептелет», - дейт Ибрагим Шатманалиев.

Кошумчалай кетсек, кароо сынак ИИМдин жана Билим берүү министрлиги менен бирге өткөрүлүүдө. ОИИБнин жетекчиси Жеңишбек Жоробеков жаштар арасында милиция кызматкерлерине болгон үмүттөрү чоң экенин белгилеп, жаштардын үмүттөрүн актоого дагы да өз жумуштарын уланта беришээрин билдирди.

IMG-20140522-WA0034

IMG-20140522-WA0033

IMG-20140522-WA0030

IMG-20140522-WA0029

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×