Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.05.2014 10:35

Жалал-Абадда рейддин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо жайларынын көбү авариялык абалда экени белгилүү болду, - мэрия

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо жайларына шаардык мэриянын буйругунун негизинде атайын комиссия курамы түзүлүп, эки күндүк рейд уюштурулууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган рейддин негизги максаты - саламаттыкты сактоо жайлардын калкка көрсөтүп жаткан кызматын жана имараттарынын шарты менен танышуу болуп эсептелинет.

Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри, комиссиянын төрайымы Айзат Раматиллаеванын айтымында, мындай рейддерди уюштуруунун максаты - саламаттыкты сактоочу жайларынын элге көрсөтүп жаткан кызматтары жана имараттарынын жарактуулугу, аспаптардын жетиштүүлүгүн текшерүү болуп эсептелинет.

Белгилей кетсек, аталган текшерүү учурунда саламаттыкты сактоо жайлардын көпчүлүгү авариялык абалда экендиги белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×