Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.05.2014 13:45

Жалал-Абад мэриясында эскилиги жеткен кабаттуу үйлөрдүн чатырларын алмаштыруу маселеси каралды

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын Достук аймактык башкаруусунда жума сайын өтүлүүчү жыйын өткөрүлдү, деп билдирет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Жыйынга аталган аймактык башкарууга тийиштүү кызматкерлер катышып, шаар аймагындагы тазалыкты сактоо, ишембиликтерди байма-бай өткөрүү, чатырчасы эскилиги жеткен көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын алмаштыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.

Достук аймактык башкаруунун жооптуу катчысы Маданбек Адыкуловдун айтымында, биринчи маселе шаар көчөлөрүн ирээтке келтирүү болуп эсептелинет.

«Учурда кылмыштуулукка каршы кам көрүү максатында аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте иштеп жатабыз», - деп кошумчалады Маданбек Адыкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×