Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.05.2014 11:26

Жалал-Абадда «Жылдын мыкты мугалими» облустук сынагынынжеңүүчүсү 1-даражадагы «Диплом» жана компьютер менен сыйланды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын №5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында «Жылдын мыкты мугалими - 2014» конкурсунун облустук этабы өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдиргендей, конкурска облустун район-шаарларындагы мектепринде иштеп жаткан 13 мугалим катышты.

Анын берген маалыматына караганда, конкурстун жыйынтыгы менен 1-орунду ээлеген Жалал-Абад шаарындагы №1 М.Бабкин атындагы мектпе гимназиясынын математика мугалими Марат Абдуллин «Жылдын мыкты мугалими» деп табылып, КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-даражадагы «Диплом» жана компьютер менен сыйланды.

Ал эми 2-орунду ээлеген Базар-Коргон районундагы Б.Осмонов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Назгүл Турсуналиева 2-даражадагы «Диплом» жана түстүү телевизор алды. Үчүнчү орунду ээлеген Тогуз-Торо районундагы Макмал орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Кайыпбекова 3-даражадагы «Диплом» жана түстүү телевизор алууга татыды. Калган катышуучуларга атайын номинациялар аркылуу дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

«Аталган конкурска КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен атайын резервдик фондунан 50 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген», - дейт Г.Аширова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×