Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2014 18:35

Жалал-Абад мэриясы майрамына карата энелерди сыйлады

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан бүгүн, 16-майда Энелер күнүнө арналган салтанаттык кече Барпы театрында өткөрүлдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Майрамдык салтанатка Жалал-Абад шаарындагы энелер жана мекеме ишканаларда эмгектенип келе жаткан айымдар катышты. Энелер күнүнө арналган салтанатта Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев жалпы энелердин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, шаардык мэриянын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.

Майрамдык салтанатта энелердин майрамына Жалал-Абад шаарындагы мектептерден келген таланттуу окуучулар, чыгармачылылык топтор тарабынан концерттик программалар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×