Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2014 16:41

Ош, Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчилигинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Turmush -  Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, бүгүн, 16-майда Ала-Бука чек ара тозотунда Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчилигинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Ага Ош жана Жалал-Абад облустарынын чек ара тозотунун командачысы жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун өкүлдөрү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун күч структуралары, Ала-Бука районунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары катышты.

Жалал-Абад облусунда ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү, трансчекаралык кызматташуу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында ЕККУ долбоорунун алкагында түзүлгөн, жаңжалдык кырдаалдардын алдын алуу тобу эки жыл катары менен иштеп келет.

Кыдаалдардын алдын алуу долбоордук тобуна ылайык, Ала-Бука районунда Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик чек ара участкаларындагы жаңжалдарды алдын алуу боюнча негизги механизмдерди түзүлгөн.

Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу анын ичинде жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу боюнча жалпы иш-чаралардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек участкасында чек ара жаңжалдарынын саны 22%га төмөн болгон.

ЕККУ долбоорунун эффективдүүлүгүн эске алуу менен, ушул сыяктуу топтор Мамлекеттик чек ара кызматынын колодоосунда Баткен облусунда дагы түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×