Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.05.2014 11:34

Жалал-Абад шаарында Энерелер майрамы белгиленип жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан бүгүн, 16-май күнү Барпы театрынын алдында Энелер күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлмөкчү.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган мекеме тарабынан 150 энеге 500 сомдон акчалай сыйлык жана 20 аялга Ардак грамоталар берилмекчи. Салтанатка баатыр энелер гана эмес шаар ичиндеги мекеме уюмдарда иштеп жаткан аялдар катышат.

Шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдиргендей, бул майрам президенттин «Кыргызстанда Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» жарлыгына ылайык белгиленүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×