Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.05.2014 15:09

Жалал-Абад шаарында эмгек кылууга тартылган окуучулардын үстүнөн көзөмөл жүргүзбөгөн №17 мектептин директоруна чара көрүлөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматилаева эмгек кылууга жашы жете элек балдардын үстүнөн жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгын тактаган атайын отурум өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык Социалдык коргоо жана өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү бул кезге чейин соода түйүндөрүндө, көчөлөрдө базарларда эмгектенген балдарга атайын рейд кылышкан.

Балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Нурзат Тагаева маалымдагандай, ай сайын 3 күн жүргүзүлгөн рейдде 9-классты бүткөн балдар эмгек кылышкандыгы, ал эми 6-7-класстан кийин окууну таштап койгон окуучулур аныкталган.

«Бул иштерге толук тактоо жүргүзбөгөндүгү үчүн шаардык билим берүү башкармалыгына эскертүү берилип, ал эми №17 мектеп директоруна чара көрүү жагы шаардык билим берүү башкармалыгына жүктөлдү», - дейт Н.Тагаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×