Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.05.2014 10:22

Жалал-Абад мэри М.Арапбаев Достук аймактык башкаруусунун эли менен жолугушту (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев кечээ, 13-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынын Достук аймактык башкаруусунун эли менен жолугушту, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган жыйынга жашоочулар, мекеме-ишканалардын жетекчилери келип катышышты. Шаар мэрине жашоочулар түрдүү суроолорду берип, жооп ала алышты. Элдердин өтүнүчтөрү негизинен жол маселеси жана суу маселелери түздү.

Мэр М.Арапбаевдин айтымында, мындай жолугушуулардын негизги максаты - элдердин кандай көйгөйлөрү бар, кандай жетишсиздиктер болуп жатат, элдердин сунушун, суроо талаптарын угуу болуп саналат.

IMG-20140513-WA0064

IMG-20140513-WA0063

IMG-20140513-WA0066

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×