Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.05.2014 18:00

Жалал-Абадда Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата студенттер арасында сынак өтүп, жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушту (фото)

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында бүгүн, 13-майда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Ага шаарда жайгашкан жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышып, тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун өрнөктүү өмүрүн, басып өткөн жолун чагылдырган сахналык көрүнүш жана чыгармаларын комуздун, аккордеондун коштоосунда аткаруу чеберчиликтерин тартуулашты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиеванын айтуусу боюнча, бүгүнкү сынакта 1- орунга №1 лицейдин студенттери ээ болуп, түстүү телевизор, 2-орунду ЖАМУнун студенттери жана 3-орунга медициналык колледждин студенттери татыктуу болушуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

13 05 2014_токтогул 1

13 05 2014_токтогул 2

13 05 2014_токтогул 3

13 05 2014_токтогул 4

13 05 2014_токтогул 5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×