Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.05.2014 15:18

Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандардын иштөө абалы текшерилип, 6 ашканага акт түзүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругунун негизинде шаарда коомдук коопсуздукту сактоо жана шаар аймагында жайгашкан кафе-ресторандардын иштөө абалын, каттоо режимин текшерүү максатында атайын комиссия тобу түзүлүп текшерүүгө алышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, комиссиянын курамында Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Т.Чойбеков, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, салык кызматкерлери, сан милиция кызматкерлери, участкалык милиция кызматкерлер болушту.

Жалал-Абад шаарында жалпысынан 161 тамактануучу жай бар, алардын 30у кафе-ресторандар. Текшерүүнүн жыйынтыгында 6 ашканага акт түзүлдү. Текшерүүгө алынган кафе-ресторандарынын айрымдарынын кызматкерлеринин сан баракчасы жок же болбосо каттоодон өтүшкөн эместиги аныкталган.

Комиссиянын мүчөсү Салижан Умаровдун айтымында, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан рейддин негизги максаты - шаар ичиндеги кафе-ресторандарды тартипке келтирүү, тамак-аштардын тазалыгын карап, элдин коопсуздугун сактоо болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×