Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.05.2014 14:44

Жалал-Абад шаарында «Кыргызстан балдар тынчтыгы үчүн» аталышындагы фестиваль жыйынтыкталды

Turmush -  Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарында «Кыргызстан балдар тынчтыгы үчүн» аталышындагы фестивалдын жыйынтыгы чыгарылды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган фестиваль Жалал-Абад областтык прокуратурасы, Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы жана «Ариет» балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган.

Сынакка шаар ичиндеги мектептерден 266 таланттуу окуучулар катышышкан.

Бул фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. Калыстар тобунун чечими боюнча ар жанры боюнча 1-орунду №5 мектебинин 7-классынын окуучусу Рыскелди Сатыбалдиев ээледи. Жеңишке ээ болгон катышуучуларга ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

«Ариет» балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси Жыпара Аманкулованын айтымында бул иш чараны өткөрүүнүн максаты окуучулардын бош убактысын максаттуу пайдалануу, улуттар арасында ынтымакты бекемдөө, достукту чыңдоо, жаш таланттарды элге таанытуу, аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×