Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.05.2014 18:15

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын концертин өткөрүүгө мэрия жардам берген, бирок эл келбей койду, - Жалал-Абад мэрия

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын концертин өткөрүүгө жардамдар көрсөтүлгөн. Уюштуруучулук жагы жакшы болбой калгандыктан эл келбей келбей, концерт өткөрүлбөй калган, деп билдирди Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева.

Айта кетсек, бүгүн, 12-майда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар алардын концертин өткөрүүгө жардам бербей койду, деп мэрияга нааразычылык билдирип чыгышкан.

А.Раматиллаеванын айтымында, Жалал-Абад шаардык мэриясына областтык мамадминистрациясынын келген каты боюнча Жалал-Абад областы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында 12-май күнү Барпы театрында концерт өткөрүлмөк. Областтык администрациянын кактында көрсөтүлгөн талаптар: жатакана, тамак-аш, медициналык жакрдам, жана концер өтүлүүчү жайды камсыздоо Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлгөн. Аталган бөлүмдүн кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды 11-май күнуүсаат 2де тосуп алышып, 2 сааттык репетициясын уюштуруп, мэрия тарабынан берилген транспорт менен жатаканага жеткирилип, тамак-аштарыда уюштурулган.

«12-май күнү саат 9га Барпы театрында сүйлөшүп беришип концерт коюуга даярдап беришкен. Бирок концерт көргөнүэл келбей койгондугуна байланыштуу концерт өткөрүлбөй калган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ошол себептен нааразычылыктарын билдиришкен», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×