Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.05.2014 16:40

Жалал-Абадда 8 күн бою барымтага адам кармап турган кылмышкерлерди кармоо операциясы ийгиликтүү аяктады

Turmush -  9-майда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунда барымтага алынган жаранды бошотуу боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгы менен, барымтадагы адамды 8 күн кармап турган А.Э. жана Ш.А. кармалды.

Атайын операция 3-майдагы Тажикстандын КР жараны Н.С.С. жүргөн жерин аныктоого жардам берүү жана бошотуу тууралуу кайрылуусунан улам КР УКМК тарабынан уюштурулду.

Белгилүү болгондой, барымтага алынган адамдын Душанбе (Тажикстан) шаарында жашаган апасынын уюлдук телефонуна уулунун физикалык күч менен сабалган сүрөтү менен аны бошотуу үчүн 100 миң доллар берүү тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн.

Кармалган адамдардан 3 даана газ травматикалык тапанчасы, 1 автомат (сайсыз мылтык), ок-дарылар жана гильзалар, ошондой эле КР күч түзүмдөрүнүн биринин жасалма күбөлүгү алынды.

Аталган факт боюнча КР УКМКнын Иликтөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси («Барымтага алуу») менен кылмыш ишин козгоп, кармалгандар Жалал-Абад ШИИБде камакка алынды. 10-майда Н.С.С. бошотулгандыгы тууралуу Тажикстандын элчилиги менен Тажикстандын УКМК жетекчилигине расмий билдирүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×