Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.05.2014 11:54

Жалал-Абад облустук спорт зал шаардык мэриянын балансына өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун карамагында турган спорт зал Жалал-Абад шаардык мэриясынын балансына өттү. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалымат боюнча, спорттук аянттын ачкычын өкмөттүн Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков шаар мэри Мухтар Арапбаевге тапшырды.

Аянттын баасы 3 млн сомго бүткөрүлүп, жаңыдан пайдаланууга берилген. Спорттук зал Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган.

Тапшыруу аземинде бул спорт аянтынан дүйнөнү дүңгүрөткөн мыктылар чыксын, деген тилектер айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×