Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.05.2014 18:08

Сузак районунда өспүрүмдөр арасында «Ынтымак-Достук» эстафетасы болуп өттү (фото)

Turmush -  Сузак районунда кечээ, 7-май күнү Уулу Жеңиш майрамына карата «Ынтымак-Достук» эстафетасы жана окуучулар арасындагы волейбол оюну боюнча 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында турнир болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара «Азам-Палван спорт уясы» спорттук федерациясынын төрагасы ИИМдин ардагери, милициянын отставкадагы подполковниги Ниязбаев Аззамдын демилгеси менен уюштурулуп, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, спортко тартып шыктандыруу, улуттар жана жаштар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо максатында өткөн.

Эстафетанын жыйынтыгында 1-орунду Б.Калимбетов атындагы орто мектебинин окуучулары татыктуу болушуп, ушуну менен үч жыл катары менен жеңишип, кубок, диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар, баалуу белектер менен сыйланышса, 2-орунду А.Гайдар атындагы орто мектеп камсыз кылып, 3-орунду А.Базаров атындагы орто мектеби камсыз кылып, дипломдор, медалдар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

1 069

1 345

1 404

1 039

1 008

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×