Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.05.2014 14:13

Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөнүн курулушу боюнча тендер жарыяланат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөсүнө курулуучу асма көпүрөнүн долбооруна шаардык архитектура тарабынан өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Жалал-Абад областтык техникалык инспекциянын экспертиза бөлүмүнүн кароосунан өтүп, учурда тендер жарыялоо иштери жүрүүдө.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тендердин жыйынтыгы менен мөөнөтү боюнча июнь айынын башында, утуп алган курулуш ишканасы жумушун башташы керек.

Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркуловдун айтымында, бул асма көпүрө үчүн шаардык бюджеттен 6 млн 135 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×