Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.05.2014 18:31

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын үйлүрүнө барып куттуктоо уланып жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын бийлиги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын үйлүрүнө барып куттуктоону улантып жатат, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Вице-мэр Таирбек Чойбеков ардагерлерден кабар алып, мэрия тарабынан даярдалган белектерди, акчалай жардамдарды тапшырды.

Ал белгилегендей, 9-май Жеңиш күнүн мэрия тарабынан даярдалган майрам салтанатка айрым ардагер аталар бара албайт, себеби жыл өткөн сайын ден соолугу начарлап, карылыкка моюн калды.

Шаардык бюджеттен каралган жардамдардан сырткаркы ардагерлерге ар бир мекеме ишканалар да бөлүнүп, өз белектерин берип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×