Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.05.2014 18:14

Жалал-Абадда Улуу Жеңиш майрамын белгилөөгө арналган иш-чаралардын тартиби бекиди

Turmush -  Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата майрамдык салтанат Жалал-Абад шаарында 9-майда алгач Жеңиш эс алуу багында жайгашкан эстеликке гүл коюу менен башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң аскердик үйлөмө оркестрдин коштоосунда эскерүү огун асманга атуу иш-чарасы болот. Ошондой эле, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин 90 жылдыгына карата курулган эстеликтин ачылыш аземи өтөт.

Ал эми Улуу Жеңиш күнүнө жана Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин 90 жылдык мааракесине арналган майрамдык салтанат «Телтору» ат майданында, атайын согуш каармандарын чагылдырган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолгон оюн- зоок, концерттик программа менен коштолот.

Белгилей кетсек, учурда 43 согуш ардагеринин ичинен 18 ардагер карылыктан төшөктө жатып, жакындарынын кароосунда. Кароодо болгон ардагерлерге майрамдык белектерди тапшыруу иши эки ичинде шаар жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары аркылуу үйлөрүнө алып барып берилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×