Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.05.2014 17:58

Жалал-Абадда банк кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча турнир өтүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жыл сайын өтүүчү облустагы банктар арасында кичи футбол боюнча турнир өтүп, ага 15 банктын кызматкерлери катышышты.

Анын жыйынтыгы боюнча «Кыргызстан» ААК банкынын футболчулары биринчи орунга ээ болуп, өтмө кубок, диплом, 20 миң сом сыйлык жана алтын медалдар менен сыйланышты.

Ал эми «Бакайбанк» ААКнын футболчулары экинчи орунга ээ болушуп, диплом, 10 миң сом сыйлык жана күмүш медалдарды алышты. Ал эми үчүнчү орунга ЖАК МФК ПГ «Компаньондун» футболчулары ээ болушуп, диплом, 5 миң сом жана күмүш медалдарга татыктуу болушту. Мындан сырткары төртүнчү орунду камсыз кылган «Финка» ЖАК МККсы кызыктыруучу сыйлыктарды алышты.

ЖАК МФК ПГ «Компаньондун» чабуулчусу Алишер Тешебаев банктар аралык кичи футбол турниринин эң мыкты оюнчусу деп табылып, диплом жана кубок менен сыйланды.

Бул турнирдин башкы урааны достук, ынтымакчылык жана ден соолукту чыңдоочу спортту даңазалоо болуп эсептелинди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×