Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.05.2014 14:15

Улуу Жеңиш күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБи окуучуларга марш-бросок уюштурду (фоторепортаж)

Turmush -  Улуу Жеңиш күнүн утурлай Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун орто мектептеринин окуучулары үчүн бүгүн, 6-майда Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен марш-бросок уюштурулуп жатат.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Жусуп Камбаралиевдин айтымында, бүгүнкү иш-чарага жалпысынан 500гө жакын окуучулар тартылган. Алар алгач Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын талаасындагы ок атуучу полигонго баруу үчүн 6 км жерди патриоттук ырларды ырдашып, жөө басып өтүштү.

Андан соң Калашников автоматын атышты. Учурда окуучулар арасында ар кандай спорттук мелдештер өтүүдө.

«Улуу Жеңишти алып келген аталарды үлгү катары туу тутуп, жаш өспүрүмдөрдү тайманбасттыкка, эрдикке тарбиялоо максатын көздөдүк. Ошондой эле, мектептерде аскерге чейинки даярдык боюнча өтүлүп жаткан сабактар солгундап кеткендиктен бир аз да болсо окуучулардын билимдерин толуктоо болду», - дейт ал.
Кошумчалай кетсек, окуучулар үчүн өтүп жаткан иш-чара «Мекеним Менин - Кыргызстан!» аттуу долбоорунун алкагында өтүп жатат.

6 05 2014_маршбросок 8


6 05 2014_маршбросок 7


6 05 2014_маршбросок 6


6 05 2014_маршбросок 9


6 05 2014_маршбросок 2


6 05 2014_маршбросок 3


6 05 2014_маршбросок 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×