Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.05.2014 12:53

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү кечесин өткөрүштү

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы №1 М.Бабкин атындагы гимназия мектебинде 9-май - Улуу Ата Мекендик согуш күнүн эскерүү максатында бүгүн, 6-майда окуучулар тарабынан даярдалган кече өткөрүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, окуучулар кыргыз жазуучуларынын согуш темасына арналган чыгармаларынан сахналаштырып аткарышты жана мектептин алдында тургузулган эстеликке гүлдөрдү коюшту.

Мектептин директору Алтынай Тургунбаеванын айтымында, бул күн жыл сайын белгиленип келет. «9-май Жеңиш күнүн биз дайыма окуучулар менен биргеликте салтанаттуу түрдө белгилейбиз. Бул күндү эч ким, эч качан унутпашы керек», - дейт А.Тургунбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×