Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.05.2014 17:07

Жалал-Абаддын спортчулары Астанада өткөн спорттун грек-рим жана бокс боюнча мелдештен байгелүү орундарды ээледи

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын спортчулары 23-27-апрель күндөрү Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында болуп өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпионатында V-орунду ээледи.

Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучусу Кайрат Түгөлбаев 71 кг салмактагы атаандашы менен мелдешке чыккан.

Ошондой эле 25-30-апрелде Казакстандагы Атарау шаарында бокс боюнча болуп өткөн Эл аралык мелдеште Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучусу 56 кг салмакта Мирбек Шеров II орунду, Сирожидин Абдуллаев III орунду жеңип кайтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×