Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.05.2014 10:48

Жалал-Абадда 1-май майрамына карата спорттук мелдеш болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 1-май - Эмгекчилердин тилектештик күнүнө карата Жалал-Абад шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда футбол оюну өткөрүлүүдө. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэрянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалымат боюнча, бул оюнга жалпысынан 10 команда катышты. Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан футбол оюнуна 5 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жеңишке ээ болгон командаларга сыйлыктар тапшырылат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын дене тарбия, спорт бөлүмүнүн башчысы Адылбек Бакировдун айтымында, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан оюндардын негизги максаты - шаардагы жаштарды сергек жана дени сак жашоого таробиялоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×