Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.05.2014 10:23

Жалал-Абадда Эмгекчилердин тилектештик күнүн белгилөөгө шаардык бюждеттен 100 миң сом каражат жумшалды, - вице-мэри Т.Чойбеков

Turmush -  Жалал-Абад шаарында мэрия тарабынан кечээ, 1-май - Эмгекчилердин тилектештик күнүнө карата Барпы театрынын алдында майрамдык кече өткөрүлдү. Бул туурасында Жалал-Абда шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, майрамдык кечеге элдер чогулуп, концерттик программаларга күбө болушту жана спорттук оюндардын түрлөрү ойнотулду.

Майрамдык кечеге Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков жана бир катар мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты. Т.Чойбековдун айтымында, Эл аралык эмгекчилердин күнү көп жылдардан бери салтанаттуу түрдө белгиленип келүүдө. «Мына ушул майрамдык салтанатты өткөрүүгө Жалал-Абад шаардык мэриясынын бюджетинен 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Концерттик программа менен биргеликте футбол, волейбол, күрөш, тогуз коргоол, аркан тартуу оюндары уюштурулду», - дейт Т.Чойбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×