Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.04.2014 10:26

Жалал-Абад шаарынын тургундарына тазалыкка болгон төлөмдөрдү 7 почта аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобаза тарабынан тазалыкка болгон төлөмдөрдү төлөө үчүн шаар ичиндеги 7 почта менен келишим түзгөн.

Аталган мекеменин жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, шаар тургундарынын айрымдары көзөмөлчүлөргө ишенбесе, айрымдары өздөрү мекемеге келип төлөп кетишет. «Ошондуктан, бир чети ишенимдүү, бир жети жакын издеп жүрбөй шаар аймагындагы каалаган 7 почтанын бирине барып төлөөгө болот», - дейт ал.

Белгилей кетсек, таштандыга болгон төлөмдөрүн 1-майдан баштап почта аркылуу төлөөгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×