Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.04.2014 14:55

Жалал-Абад шаарында жылдын мыкты мугалими ноутбук менен сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 29-апрелде Жалал-Абад шаарындагы мектептердин арасында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирет.

Сынактын жеңүүчүсү болуп №1 Михаил Бабкин атындагы гимназиянын математика мугалими аныкталып, ноутбук менен сыйланды.

Ал эми 2-орунду алган мугалим түстүү телевизор, 3-орунга планщет тапшырылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынан акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×