Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.04.2014 13:25

Жалал-Абад шаарындагы диний дүкөндөр эч кандай уруксаты жок иштеп келишкен, - ОИИБ

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүм кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр жана облустук мусулмандар казыятынын өкүлү менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын тегерегинде жайгашкан диний дүкөндөрдү текшерүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, анда 5 ислам дүкөнү эч кандай уруксаты жок иштеп жаткандыгы аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБнин 10-бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, текшерүүгө алынган дүкөндөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 1 жума ичинде уруксат документтерин тактап, облустук мусулмандар казыятынан уруксат кагаздарын жана күбөлүктөрдү алуусу эскертилген.

Бул иш-чара облус аймагындагы сатылып жана таркатылып жаткан диний адабияттар жана диний арналыштагы буюмдарды жөнгө салуу жөнүндө, диний объектилердин, диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн, каттоо-эсепке алуу эрежелерин бузулган фактыларын аныктоо максатында өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×