Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.04.2014 11:12

Жалал-Абаддагы Курманбек аймактык башкаруусунун тургундары шаар ичинде жол кире акысы бирдей болбой жатканы нааразы

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусунда болуп өткөн жыйында шаар тургундары билдиргендей, шаар ичинде таксилер 10 сомдон эле каалаган жерине алып барып жатат, ал эми Мотросова көчөсүндөгү таксилер бир аялдамага жеткирүү үчүн 15 сомго көтөрүп алган. «Эмне үчүн шаар ичинде жол кире акы бирдей эмес?», деген суроону коюшту.

Ошондой эле Пушкин көчөсүндө эки кабаттуу имарат жайгашып, жол жээгинде курулуш материалдары чачылып жатат. Көп убакыттан бери алынбай жаткан курулуш материалдары кимдики экендиги, ал имарат кимге караштуу экендиги да тактала элек. Бул боюнча тиешелүү кызматтар дагы жооп бербей жатышат, дешти тургундар.

Бул боюнча жыйындын катышуучулары колунда жокторго айып пул салынып, ал эми чоң жайда иштеп жаткандарга минтип чара колдонулбай жатканын айтып, бул боюнча чара көрүү боюнча сунуш киргизишти.

Курманбек аймактык башкаруусунда мыйзамсыз курулуп жаткан имараттар боюнча атайын кат жазылып, алардын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн шаардык мэрияга жана Жалал-Абад шаардык архитектурага кат жолдонгон, дейт Курманбек аймактык башкарусунун жоопту катчысы Наргиза Эргешова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×