Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.04.2014 17:26

Жалал-Абадда поэзия сүйүүчүлөрүнүн сынагы болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абадда жаш поэзия ышкыбоздорунун арасында сынак өтүп, бир катар жаш калемгерлер байгелерге ээ болушту. Бул тууралуу «Бактынур» продюссердик борборунун жетекчиси Нуркан Койчуманова билдирди.

Анын маалымдашынча, Жалал-Абад облустук китепканасы менен аталган продюссердик борбор жаштар арасындагы поэзия ышкыбоздорунун арасында ар кайсы иш-чараларды өткөрүп, жаштар арасындагы билинбей жүргөн таланттарды аныктоо, аларга адеп берүү, сүрөөнгө алуу максатында чогуу иш алып барууга бел байлашкан.

Анын биринчи жемиши катары 23-апрелде мурда жарыяланган ыр сынактын жыйынтыгы чыгарылып, калыстар тобу тарабынан 7 жаш поэзия ышкыбозунун жазган ырлары дурус деп табылып, аларга атайын дипломдор ыйгарылды. Андан тышкары, дагы алты поэзия ышкыбозунун ырлары да жактырылып, аларга баалуу белектер берилди. Облусттук китепкананын директору Сейил Аталиева жана продюссердик борбордун жетекчиси Нуркан Койчуманова поэзия сүйүүчүлөрүнө чыгармачылык ийгиликтерди каалап, алдыда уюштурула турган сынактарга да активдүү катышууга чакырышты.

«Биздин алдыбызда көптөгөн чыгармачылык иш-чараларда бар, аларга жаш адабият ышкыбоздору активдүү катышат деген ойдобуз. Анткени, эл арасында таланттуу атуулдарыбыз көп, бирок алар менен иштеген мекеме-уюмдар таптакыр эле жок болуп жатат. Биз ошол боштукту толтуралы деп жатабыз», - дейт сөзүндө Н.Койчуманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×