Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.04.2014 10:00

Жалал-Абадда 1-квартал боюнча прокурордук актылардын негизинде 63 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 252 миң 827 сом өндүрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад облустук прокуратура органдары тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен бардыгы болуп 118 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 202 прокурордук актылар келтирилген.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Аттокур уулу аймактык кабарчыга билдиргендей, административдик жана тартиптик укук бузуулар жөнүндө 46 өндүрүш козголуп, аны кароонун жыйынтыгы менен 36 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылган. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 63 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 252 миң 827 сом мамлекетке келтирилген зыян өндүрүлгөн.

«Ал эми коррупциялык кылмыш иштерди аныктоо бонча жүргүзгөн ишмердүүлүктүн жыйынтыгы менен жалпысы болуп 62 кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген зыян 8 млн 937 миң 957 сомду түздү. Тергөөнүн жыйынтыгы менен отчет мезгилине карата 15 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлүп, мамлекетке келтирилген 602 миң 287 сом өндүрүлдү», - деди А.Аттокур уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×