Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.04.2014 09:15

Жалал-Абадда жайытка бара жаткан малдарды жугуштуу ооруларга каршы эмдөө үчүн посттор уюштурулат

Turmush -  КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн үстүбүздөгү жылдын 24-апрелиндеги буйругунун негизинде, малдарды жайытка айдоо мезгилдеринде жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт.

Өкүлчүлүктөн алынган маалыматка караганда, облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын кайрылуу каттарынын негизинде жана облустун аймагында эпизоотикалык кырдаалды жакшыртуу, калктын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунучту жараткан жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу үчүн сырттан келип жаткан малдардын миграциясын көзөмөлдөө жана оорунун таркап кетүүсүнө жол бербөө максатында өкүлчүлүктүн 27-мартта чыккан буйругуна толуктоолор киргизилди.

Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери жайыт пайдалануучулар бирикмелери жана токой чарбалары менен биргеликте, малдарды жайытка айдоо мезгилдеринде белгиленген график, маршруттарга ылайык убактылуу посттор уюштурулуп жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт.

Ошондой эле, ОИИБнин жол кайгуул кызматы тарабынан ветеринардык адистерге мамлекеттик маанидеги автожолдордогу участкаларда убактылуу уюштурулган посттордо жана мал базар күндөрү көзөмөлдү жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×