Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.04.2014 12:02

Жалал-Абадда Чернобыль апаатынын 28 жылдыгын эскерүү кечеси болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясында Чернобыль апаатынын 28 жылдыгын эскерүү кечеси болуп өттү. Бул туурасына аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка таянсак, ага Чернобыль апаатынын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары катышты.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Таирбек Чойбеков Чернобылга катышкан каармандарды куттуктап, мэриянын атынан акчалай белектерди тапшырды.

Жалал-Абад шаарынан Чернобыль апаатына 33 адам катышса, азыр алардын ичинен 26сы калган. Эскерүү кече мектеп окуучулары тарабынан даярдалып, театралдык көрсөтүү жана концерттик программа менен улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×